Жаңылыктар
Авиакырсыктын хронологиясы
Кырсык
Авиакырсыктын хронологиясы

16-январь таң эртең менен катталган авиа кырсык  отуздан  ашык адамдын өмүрүн алды, анын ичинде жашы жете элек балдар да бар. Таңкы таттуу уйкудан ойгонбой калган жарандарыбыз  “Манас” эл аралык аэропортунан 2 чакырым алыс турган  Дача-Суу  айылынын тургундары эле. Кырсыкка учураган  учак  Туркия  аба   жолдору тиешелүү  болгон жана Гонкгонгдон Стамбулду карай жүк ташып бараткан.

Бишкектен  күйүүчү май куюп алуу үчүн конууга аракет кылган лайнер “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келип, жерге бир тийип  кайра көтөрүлүп кеткендигин 1-вице-премьер министр Мухамедкалый  Абылгазиев  билдирди. Абага кайра көтөрүлгөн  учак  2 чакырымдай  учуп Дача-Суу айылындагы  турак үйлөрдүн  үстүнө  кулап түшкөн.  

Кырсыктуу  окуяга  алгач  жергиликтүү  тургундар  күбө болушкан. Ал учур  эртең мененки  саат 7 15 мүнөт  өтүп калган учур болчу дешет алар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"

=