Жаңылыктар
Учак кырсыгы: Ош облусунда көмөк көрсөтүү боюнча пункт ачылды
Кырсык
Учак кырсыгы: Ош облусунда көмөк көрсөтүү боюнча пункт ачылды

Учак кырсыгынан жабыркагандарга Ош облусунда да көмөк көрсөтүү боюнча пункт ачылып,  иштей баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусу  боюнча жардам колун сунгандардын жардамы Ош шаарында кабыл алынууда. 

Мындан сырткары, Ош обусутук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, райондук  мамлекеттик ишканалардын, Ош шаарындагы мекемелердин кызматкерлери да бир күндүк  эмгек акысын берүү боюнча чечим кабыл алышты. 

Мындан сырткары, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы да чукул жыйын өткөрүп, авиакырсыктан жабыркаган мекендештерибизге бир күндүк айлык акыны которуп берүү боюнча чечим кабыл алышканын маалымат катчысы Замир Сыдыков жарылады.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары