Жаңылыктар
Жеке менчик мектептер салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулушу мүмкүн
Билим
Жеке менчик мектептер салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда жеке менчик мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеленүүдө. Муну менен балдардын билим деңгээлин жогорулатуу максаты болуп жаткандыгын демилгечилер баса белгилешет. Ошол эле учурда айрым ата-энелер мамлекеттик билим берүу мекемелерине басым жасай тургандыктарын айтууда.

Ал эми талдоочулар, алгач мындай жеңилдикти жеке мектептердин  башталгыч класстарына берип, анализ жүргүзгөндөн кийин гана калгандарына жайылтууну сунуштоодо.   

Өлкөдөгү мектептердин тартыштыгын жүйө келтирген депутаттар жеке инвестицияны мектептерге тартууну сунуштап жатышат. Бул максатта менчик мектептерди салыктан бошотуу сунушталууда. Ошол эле учурда  жеке менчик мектептер арасында атаандаштык өссө, анда алардагы келишим акыларынын арзандашы да толук мүмкүндүгүн  айтышууда.  

Кошумчалай кетсек, Армениядан башка Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекеттерде жеке менчик мектептерге жеңилдиктер каралган. Ал арада Кыргызстан да менчик мектептердин статусун көтөрүүнү көздөөдө. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"