Жаңылыктар
Жер силкинүүдөн жабыркагандарга жардам келди
Кыргызстан жаңылыктары
Жер силкинүүдөн жабыркагандарга жардам келди

Белорусь өлкөсү жиберген 10 тонналык гуманитардык жардам Ош шаарына келди. Жардам 2015-жылдын ноябрь айындагы жер силкинүүдөн жабыркаган Ош облусунун тургундарына таркатылат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, кыргыз элине материалдык колдоо көрсөтүү демилгеси Белорусиянын коргоо министрлиги тарабынан ишке ашкан. 10 тонналык гумжардамда: 3 миң жылуу төшөк, көрпө жана жашоо-шартка ыңгайлашкан толук жабдуусу менен жыйырма чатыр бар.