Жаңылыктар
Таңды көрбөй калган үй-бүлө...
Кыргызстан жаңылыктары
Таңды көрбөй калган үй-бүлө...

Ажал айтырып келбейт. Эл ичиндеги бул таамай сөз ушул окуяны сүрөттөп тургандай.  Эми кичинекей Жакшылык өзүнүн ата-энеси жана карындаштары менен экинчи көрүшпөйт. Каргашалуу кырсыктын айынан жети жашар бала томолой жетим калды.

Чоң жана бактылуу үй-бүлө, жолдошу, жубайы жана үч баласы. Жолдошу - Уларбек Шерали уулу, 26 жашта, жубайы - Акмарал Жумаалы кызы, 25 жашта. Улуу жана жалгыз эркек баласы - Жакшылык 7 жашта, ортончусу - Сабина, 4 жашта жана үйдүн кичүүсү - Айдай, бир жашка жаңы чыккан. Жаңы келген 2017-жыл Жакшылыктан башкасына акыркы болуп калды. Суук кабар алардын жакындарына эртең мененки жаңылыктар аркылуу жеткен.
Уларбек Шерали уулу өз үй-бүлөсүндө уулдардын улуусу болчу. Аталаш байкеси Каныбек инисин эскерип, экинчи аны көрө албай калганына ишенбей жатканын айтты.
16-январда “Манас” аба майданына жакын жерде кулаган “Боинг-747” учагынын кыйрашы ошентип бул үй-бүлөдөн бир учурда төрт сөөктү чыгарды. Алардын кайгысын тең бөлүшүп, маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Президент аппаратынын өкүлү катышууда.
Жаш жубайлар уулу Жакшылык менен курулуш башкармалыгынын Дача айылынына төрт жыл мурда көчүп келген. Ошол жерден эки кыз күтүп, бакубат турмушта жашап жаткан. Тилекке каршы, Уларбек менен Акмарал уулунун бой жеткенин мындан ары көрө албай калышты