Жаңылыктар
Кырсыкта каза болгон жаш эне балдары менен жерге берилди
Аймак
Кырсыкта каза болгон жаш эне балдары менен жерге берилди

 Кырсыктан каза болгондордун катарындагы бир үй-бүлө бүгүн Ноокен районунда жерге берилди. Эми гана жашы 24тү чамалаган жаш эне Венера Дүйшееваны 5 жарым жана 4 жаштагы балдары менен акыркы сапарга узатышты. Жакындарынын айтымында, маркум Венера кош бойлуу болгон. 

Кырсык катталган күнү маркум Венера Дүйшееванын кайненеси да борбор калаада кичи уулунукунда болгон. Таң эртелеп Дача-Суу айылынан келген чалуу Айтбү Исабаеванын тынчын кетирип, уулу жашаган айылга учуп күйүп жетип барган.
Бир убакта эле 2 уулу менен көз жумган Венера Дүйшеева Лейлектик. Ноокен районуна келин болуп түшкөн. Айылдаштары менен жакындарынан айтымында, маркум Венера жөнөкөй жана аракетчил сапаттары менен өзгөчөлөнуп турган.
Каза болгон мекендештерибизди акыркы сапрага узатууга жакын туугандары,айылдаштары жана облус башчылары катышып, оор кайгыны тең бөлүштү. Жардам ирээтинде Президенттин атынан 100 миң сом, Өкмөт атынан 70 миң сом берилди.
Айыл имамы жаназа түшүргөндөн кийин маркумдарды жерге беришти. Энесин балдары менен жанаша коюшту. Тилеке каршы, балдардын атасы тактап айтканда, Венера Дүйшееванын күйөсү акыркы сапарга узатууга катыша алган жок. Анткени кырсыктан дене бою күйүп кеткен Сагын Рахманов борбор калаадагы ооруканалардын биринде оор абалда дарыланып жатканы маалым болду.