Жаңылыктар
Жалп өчкөн жаш үй-бүлө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалп өчкөн жаш үй-бүлө

Авиакырсыктан жети жаштагы Султан томолой жетим калды. Анын ата энеси менен эки бир тууганы 16-январдын таңын көрбөстөн кайтпас сапарга кетти. Кырсыкка учураган учак алардын үйүн биринчилерден болуп кыйратып, жер менен жексен кылып салган. Натыйжада ата-энеси Азамат менен Наргиза эки чүрпөсүн кучактап, топурактын алдында калды.

Телегейи тегиз боло түшкөн Азамат менен Наргизанын бул бактысы тилекке каршы көпкө созулган жок. 16-январдагы авиакырсык, бул үйдүн коломтосун өчүрүп, Азамат келинчеги, беш жаштагы ортончу уулу менен кичинекей төрт айлык чүрпөсү таңдын кантип атканын көрбөй калышты.
 Кырсыктаган учак үйдү тыптыйпыл кылып түздөп, тебелеп кеткен. Үйдүн ээсинин айтымында, Азамат келинчеги менен убактылуу ижарага алып ушул жерде төрт жылдан бери жашап жатышкан.
 “Кутбилим” гезитинин жамааты, суук кабарды уккандан бери жүрөктөрү тилинип, айласын таппай турушат. Өзгөчө бир бөлмөдө жанаша иштеген кесиптештери маркум Наргиза отурган орунду караган сайын, ал жөнүндө терең кайгыруу менен эстеп жатышат.
Наргиза Жумакунова гезитке алгач корректор болуп келип, кийин көркөм редакторлук кызматка өткөн. Бишкек шаарынан бир канча алыста турса да, жумушка кечикпей келип, жоопкерчиликти сезе билген мыкты кызматкер эле дейт жетекчиси.
Азамат менен Наргизанын тун уулу, жети жаштагы Султан бактыга жараша аман калды. Авиа кырсык убагында ал мектепке кеткен болчу. Азыр ал эмне болуп жатканын түшүнбөй жатат. Ал арада ата-энеси менен бир туугандары эртең саат ондо Манас айылында жерге берилгени жатат.