Жаңылыктар
Куткаруучулар күнү-түнү дебей издөө иштерин улантып жатат
Өзгөчө кырдаал
Куткаруучулар күнү-түнү дебей издөө иштерин улантып жатат

 Талкаланган турак-жайлардын урандыларынын астын тинтип, каза болгондорду издөө иштери бүгүн да улантылды. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, аны менен кошо Улуттук гвардиянын 100дөй аскери, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турду.  Мындан тышкары республикалык штабда ысык тамак уюштурулуп, жаралган маселелер жеринде чечилүүдө. 

 Издөө иштерине баш-аягы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300 кызматкери, аны менен кошо Улуттук гвардиянын 100дөй жоокери тартылган. Ал эми тартип сакчыларынын саны 500дү чамалайт. Кечээтен бери нөөмөт-нөөмөт менен кезметте турган милиция кызматкерлери чилденин суугунда колу-буттарын жылуулап, эптеп чырпык жагып жылынып жатышат. Айылдын кире беришинен тартып, толук аймактын коопсуздугу укук коргоочулардын камында.
Минтип элдин башына мүшкүл иш түшүп турганда эл ынтымагы байкалды. Кечээтен бери боорукер жарандар колдон келген жардамын аяган жок. Шаардан, мекемелердин атынан жада калса айылдын жака белиндеги жашоочулардан бери азык-түлүгүн, ысык тамак-ашын май, нан, чайын көтөрүп келүүдө. 
Казан менен ысык ашын көтөрүп, нанын башка даамдарын көтөрүп келип жаткандардын аягы сууй элек. Кабыргасы кайышып, кайгыга батып турган мекендештерибизге колунда бар жардамын аябагандар кайгысын тең бөлүшкөндөй болуп калууда. 
Азык-түлүк менен кошо жылуу кийим-кече жана акчалай жардамдар өлкөнүн чар тарабынан келип жатат. Капилеттен отуздан ашык жарандарыбыздан айрылып, арасында балдардын өлүмү болгонун уккандар окуя болгон жерге келип гүл, жумшак оюнчук коюп эскерип кетип жаткандар да бар.