Жаңылыктар
Учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө

Кыркка жакын адамдын өмүрүн алган авиа кырсыктын себептерин бир эле убакта эки топ иликтөөгө алат. Бири өлкөнүн укук коргоо органдарынан түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу жана Эл аралык авиация комитети. Комитеттин өкүлдөрү Бишкекте эртең ишке киришери белгилүү болду. Учурда болсо Боинг 747 учагынын кырсыкка кабылганы боюнча көз карандысыз эксперттер өз пикирлерин билдиришүүдө. 

 Борттун ичиндеги кыймылды автоматтык түрдө өзү жазган жабдыгы учактын материалдык бөлүгүнүн абалы боюнча маалыматтарды чогултат. Алар: кыймылдаткычка майдын кирүү басымы, гидро тутумдагы басымдын деңгээли, кыймылдаткычтын айлануусу жана турбинадагы газдын температурасы. Аны менен бирге экипаж мүчөлөрүнүн кыймыл аракеттери - алар тарабынан башкаруу тутумдарын артка кайтаруунун деңгээли, учуп-конуу механизмдерин бир калыпка келтирүү жана коё берүү боюнча аткарган иштери сакталат. Мындан сырткары навигациялык маалыматтар- учуунун ылдамдыгы жана бийиктиги, алган багыты көрүнөт. Негизи аба кемесине 2 кара куту орнотулат. Биринчиси экипаждын сүйлөгөн сөздөрүн жазса, экинчиси учуунун параметрлерин аныктайт.  
Белгилүү болгондой “Боинг 747” жүк ташуучу учагы Гонконг - Бишкек - Стамбул каттамы боюнча бараткан. Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Учак дээрлик бир сааттык кармалуу менен келаткан. Абада 6 саат 3 мүнөт болгон. Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6 дан 15 мүнөт өткөндө Манас аэропортуна конушу керек болчу. 

Бирок учак саат 6дан 41 мүнөт өткөндө Кыргызстандын аба мейкиндигине кирген.

7 саат 16 мүнөттө «Боинг-747»нин экипажы конууга уруксат сураган. Кыргыз тарап уруксат берген. Мындан кийин экипаж байланышка чыккан эмес.

7:20да учак аэропортко конушу керек болчу. Бирок бул убакта “Манас” аэропортунун кызматтары коркунуч белгисин жарыялашкан.
 
7ден 31 мүнөт өткөндө аэропорттун кызматкерлери учак кыйраган жерде болушкан, бул убакта борт күйүп жаткан. ))

Катаал аба ырайы же экипаж мүчөлөрүнүн катасы деген версияны бир катар орусиялык авиа эксперттер айтышууда. Россия Федерациясынын “Аэропорт” ассоциациясынын башкы директору Виктор Горбачев, учкучтар өздөрүнө бекем ишенип алганы кырсыкка алып келиши мүмкүндүгүн айткан.
Айтмакчы авиа кырсыктын себептерин бир эле убакта эки топ иликтөөгө алат. Бири өлкөнүн укук коргоо органдарынан түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу. Белгилүү болгондой күн мурун өлкөнүн транспорт прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ишти ички иштер министрлигине өткөрүп берди.
Мекемелер аралык тергөө тобу үч багыт боюнча иш алып бармакчы. Учактын кулашы, адам өлүмүнө алып келген иштин себептери жана учак кулап түшкөн Дача СУ аймагында турак үйлөрдүн курулушуна кандай негизде руксаат берилгени иликтениши керек.
 Өлкөнүн күч органдарынан түзүлгөн мекемелер аралык топтун иликтөөсү бир айдын тегерегинде чыгышы мүмкүн. Негизи тергөө мөөнөтү эки ай. Ал эми эл аралык комиссиянын жумушу жарым жылдан бир жылга чейин созулушу мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө. Негизи дүйнөлүк тажрыйбада учак кырсыктары узак мөөнөтүү иликтөөнү талап кылат.