Жаңылыктар
Бирка сатып алуу тендерине катышкан компаниялардын чыры токтой элек
Кыргызстан жаңылыктары
Бирка сатып алуу тендерине катышкан компаниялардын чыры токтой элек

Малга бирка сатып алуу боюнча тендерге катышкан компаниялардын ортосунда чыр дагы деле токтобой келет. 

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында малдарды идентификациялоо боюнча бирка сатып алууга катышкан “Санта рейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү тендердин жыйынтыгына нааразы экендиктерин билдирип чыкты. Алар малга бирка сатып алууда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жеке кызыкчылыгы бар экенин айтууда. Ал эми өз кезегинде мамлекеттик мекеме ишкерлердин дооматын төгүндөп "жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп жатканын айтат. Бул чырга карабастан күздө өлкөдөгү малдарды индетификациялоо иштери башталган. 

Кезектеги тендер чырына карабастан 2016-жылы күзүндө Кыргызстанда ЕАЭБдин талаптарына ылайык кара малды идентификациялоо өнөктүгү башталган. 2013-жылы республика боюнча мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык долбоорго өкмөт 40 млн. сом, Орусия өкмөтү 450 миң сом каражат бөлгөн. Учурда өлкө боюнча 3 миңге жакын ветеринар адистери атайын окуу курстары өткөрүлүүдө. Ошондой эле алдыдагы үч жылда өлкө боюнча сатыла турган кара малдар толугу менен идентификациядан өтөт. Андан кийин майда мал-жандыктарды идентификациялоо иштери башталмакчы.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"