Жаңылыктар
Өкмөт: жабыркагандарга 70 миң сомдон бөлүнөт
Кырсык
Өкмөт: жабыркагандарга 70 миң сомдон бөлүнөт

Өкмөт тарабынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында 70 миң сомдон бөлүнөт. 

Бул тууралуу  эртең менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде белгилүү болду. 

Жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үй-бүлөсүнөн ажыраган балдарга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп, турак-жайсыз калгандардын тизмесин дыкат тактоо тапшырмасы берилди. 

Кеңешмеде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын натыйжасында жабыркагандарга каражат которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачууну дагы тапшырды. Эсеп акчалай көмөк көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык жактардын кайрылуусун эске алуу менен ачылат.Маалыматка ылайык, Өкмөт Аппаратынын кызматкерлери   кырсыктын натыйжасында каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн бир күндүк айлык маянасын которот. Ал эми  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үй-бүлөсүнөн ажыраган балдардын маселесин чечүүнү жана турак-жайсыз калган жактардын тизмесин ыкчам түзүп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"