16-январь күнкү авиа кырсыктан жабыр тарткан 13 жаран шаардагы ооруканаларда дарылануудан өтүп жатышат.
Алардын жетөөсү 17 жашка чейинки балдар. Алар Бишкек шаардык №3- тез жардам балдардын клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Дарыгерлер балдардын абалы бүгүнкү күндө канааттандырарлык, 8 баланын бирөөнүн буту сынып, экинчисинин омурткасы кокустагандыгын билдиришти. Калгандарынын мээси чайкалган.
Мындан сырткары, оорулууларга психологиялык жардамдар берилип жаткандыгы да маалым болду.
Ал эми ата-энеси, бир тууганынан айрылган жети жаштагы бала чоң ата, чоң энесине тапшырылгандыгын саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарланды.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"