Кардын калың жаашы, кыштын чилдеси малчыларды кыйын сыноодон өткөрүүдө.
Анткени, малды талаага жайууга мүмкүн болбой, короо-сарайда жем-чөп берип багууга туура келүүдө.
Бирок, кыргыз өкмөтү мындай жагдайдан чыгуу максатында айтарлык аракеттерди ишке ашырууда.
2016-жыл айыл чарбасы үчүн берекелүү жыл катары узаганын адистер эске салышат.
Ошондуктан малды кыш мезгилинде зарыл делен жем-тоют менен камсыздоодо маселе жаралбай турганын белгилешет.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"