Жаңылыктар
Учак кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтар
Кырсык
Учак кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтар

"Манас" аэропортунун жанында кыйраган Boeing 747 учагынын экипажындагы төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев “Биринчи радиого” билдирди. 

Каза болгон жарандардын саны 38ге жетти. Ал эми кырсыктын себебин Эл аралык авиация комитети, өкмөттүк комиссия менен биргеликте бүгүн кечинде иликтөө иштерин баштайт. 

Учурда кырсык болгон жерде адамдардын сөөгүн издөө иштери уланып жатат. Эми териштирүү иштери бүткөн учурда, бул аймактан айыл толугу менен көчүрүлүшү мүмкүн экендигин буга чейин өкмөт мүчөлөрү билдирген. Ал эми жума күнү, 20-январда учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып өлкө боюнча куран окула тургандыгын муфтият билдирди. Өлкө аймагындагы ар бир мечитте мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы жана кырсыктан көз жумган мекендештерибизге арналып куран окулуп, дуба тилектер айтылат. 

Эске салсак, Түркияга таандык учак дүйшөмбүнүн таңында саат жетиден 17 мүнөт өткөндө учуу тилкесинен өтүп барып кыйраган. Гонкондон Стамбулга бараткан Боинг-747-400 учагы Бишкекте май куюу үчүн токтогону кабарланды.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"