Жаңылыктар
Авиакырсык: чоң аталап кирип келген неберелери келбес сапарга кетишти
Кырсык
Авиакырсык: чоң аталап кирип келген неберелери келбес сапарга кетишти

Чүй облустундагы авиакырсыктан каза тапкан Венера Дүйшеева болгону 23 жашта эле. 

Ал кош бойлуу да болчу. 6 жаштагы Али 4 жаштагы Иса аттуу эки уулу да каргашалуу таңда ойгонушкан эмес. 

Бүгүн Ноокен районуна караштуу Курулуш айылында маркумдардын сөөгү жерге берилди. 

Күйүткө баткан туугандары алардын сөөгүн эмес өздөрүн сагынып күтүп жатышкан. 

Тилекке каршы чоң аталап кирип келген неберелери эми келбес сапарга кетишти. 


Талгат Бакиев, "Биринчи радио"