Жаңылыктар
Sputnik маалымат агенттиги НТВдагы долбоорго катыша турган Урмат Мырсакановго колдоо көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
 Sputnik маалымат агенттиги НТВдагы долбоорго катыша турган Урмат Мырсакановго колдоо көрсөтөт

Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу эл аралык маалыматтык өнөктөш катары "Ты супер!" шоусунун Кыргызстандагы долбооруна катышкан жаш таланттарга колдоо көрсөтөт. Ал — НТВ каналынын алдын ала жүргүзгөн кастингинде тандалып алынган Урмат Мырсаканов. Бул тууралуу аталган маалымат агенттигинен маалымдашты.

НТВ каналынын "Ты супер!" долбоору ата-энелердин камкордугусуз калган талантуу балдарга өзүн эл алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Сынакка балдар үйүнүн, мектеп-интернаттардын жана асырап алынган үйлөрдүн балдарынын катышуусуна мүмкүнчүлүк берилген. 

Шоунун жүрүшүндө Sputnik өлкөдөгү окурмандарга балдардын ийгиликтери тууралуу онлайн-күндөлүк түрүндө жана түз да алып көрсөтүп берип турат. Ал эми социалдык тармактардын расмий аккаунттарында каалоочулар сынактын каалаган катышуучусуна добуш бере алат.

"Ты супер!" конкурсу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Буга бардыгы болуп тогуз өлкөнүн балдары катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар. Долбоорду Вадим Такменев алып барат. "Ты супер!" долбоорунун премьерасы НТВ каналында 18-февраль күнү башталат.