Жаңылыктар
Жер Энени сыздаткан Толгонайдын арманы
Маданият
Жер Энени сыздаткан Толгонайдын арманы

Кечээ, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Саманчынын жолу” аттуу спектаклдин жаңыланган премьерасы коюлду.

Спектаклдын премьерасына маданияттын бир катар өкүлдөрү менен биргеликте Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов да болду.

Буга чейин да коюлуп келген аталган чыгарманы кайрадан иштеп чыгуунун себеби, жаңыча коюлган жактарынын өзгөчөлүктөрүнө токтолгон театрдын директору Темирлан Сманбеков төмөндөгүлөрдү кошумчалап кетти:

“Бул чыгарма эч убакта актуалдуулугун жоготпой, түбөлүккө калат. Адам рухунун жеңилбестигин, майышпастыгын, бүгүнкү күндүн артынан эртеңки күндүн нуру тиерин, жамандыктан жакшылык бийик болоорун чечмелеген чыгарма келечек муунга да жакшы таасирин тийгизерине ишенебиз. Акыркы убакта жер жүзүндө адам жүрөгүн ооруткан кандай гана жаман окуялар болуп жатат.  Биздин максат чыгарма аркылуу мына ошондой нерселерден алыс болууга, келечек муундарга азыркы бейпил жашообузду баалай билүүгө, жашоо кадырын сезүүгө чакыруу болуп саналат.”