Жаңылыктар
Авиакырсыктан улам көз жумгандарды жерге берүү зыйнаты Чүй облусунда өттү
Кырсык
Авиакырсыктан улам көз жумгандарды жерге берүү зыйнаты Чүй облусунда өттү

Авиакырсыктан улам көз жумгандарды жерге берүү зыйнаты бүгүн Дача конушунда, Чүй облусунун Манас жана Байтик айылдарында өттү. Маркумдардын туугандары, достору жана жакындары курман болгондорду акыркы сапарына узатышты.

Учактын кыйрашынан улам Азамат Дербишалиев, анын жубайы Наргиза Жумакунова, беш жаштагы ортончу уулу Актан жана төрт айлык кызы Раяна көз жумушту. 

Бул үй-бүлөдөн Азамат менен Наргизанын тун уулу Султан гана тирүү калган. Жети жашар баланы ата-энеси эртең менен мектепке узаткан болчу. Ошол бойдон алар экичи кездешкен жок. 


Каргашалуу окуя бул үй-бүлөдөн бир учурда үч баланын сөөгүн чыгарды. 20 жаштагы Аман, 5 жаштагы Эрзат жана кичинекей Жылдыз. Алардын апасы Венера Шейшенова күндөгүдөй эле эртең менен жумушка чыгып кетет. 

Үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү уктап жатышкан. Кудай жалгап, балдардын атасы аман калып, дагы бир кызы менен туугандарынын кызын сактап калганга жетишкен.