Жаңылыктар
Авиакырсыктан Нарын облусунан үч үй-бүлө жакындарынан айрылышты
Кырсык
Авиакырсыктан Нарын облусунан үч үй-бүлө жакындарынан айрылышты

Сокулук районунун Дача конушундагы авиакырсыктан Нарын облусунан үч үй-бүлө жакындарынан айрылышты. Алардын бири Наргиза Кожоналиеванын сөөгү жерге берилди. 

Минтип сай-сөөгү сыздап буркураса, жанына киши чыдап тура албаган Мырза Докенов ошол кырсык болгон күнү таң эрте беш жашар кызын бала-бакчага алып барган. Кайра артка кайтканында, үйү эчак эле урандыга айланып, мына-мына көз жара турган келинчеги Наргиза анын астында калган.

Ошентип, алеки заматта ал сүйүктүү жарынан да, жарык дүйнөгө келерине саналуу гана күндөр калган чүрпөсүнөн да айрылып, арманы айтып бүткүс. Наргиза экөө Дача конушуна өткөн жылы үй куруп, анын тоюн бешик той менен бирге өткөрүүнү болжошкон. Бири кем дүйнө демекчи асыл максаттарын асмандан кулаган учак быт-чытын чыгарды.

Кырсыктан улам чоң жоготууга учураган ушул үй-бүлөгө Кыргыз республикасынын Президентинин 100 миң, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан 80 миң жана премьер министрдин фондусунан 70 миң сом тапшырылды. 

Буга кошумча облустук бийлик 30 миң сом кошумча кылды. Албетте, мамлекеттин мындай колдоосу көңүл жылытат. Бирок баары бир, жоготуунун орду толбос.