Жаңылыктар
Маркумдар кичи мекенинде жерге берилди
Кырсык
Маркумдар кичи мекенинде жерге берилди

Дача конушундагы авиакырсыктан каза тапкандардын  он бири Ош облусунун тургундары болгон. Ушул мекендештерибиздин алтоосунун сөөгү маркумдардын кичи мекенинде жерге берилди. 

Дача конушундагы мерт кеткендердин катарында Алайдын Корул айылында 1989-жылы туулган Айжамал Орозбаева да бар. Кошуналарынын айтымында, Айжамал, жароокер, боорукер кыз болгон. 

Сөз айткан жигиттердин ичинен Айжамал, коңшу айылдагы жигитти жактырып, түбөлүккө кол кармашууга макул болгон. Жигиттин ата-энеси келип, Айжамалга сөйкө салып, алдыдагы март айында той өткөрүүнү болжошкон. Кырсык чалып, Айжамал минтип, кайтпас жайга кетти. POST1RIGHT

Апааттан Айжамал менен бирге апасы, эки иниси жана таэжеси каза болду. Таэжеси- Айнуса Калишова, Айжамалдын себин даярдоо үчүн атайын Алайдан барган. Айнуса Калишованын артында жолдошу, алты баласы калды.

Бир чоң үй-бүлөдөн карындашы экөө гана калган Зарлык Орозбаев, бир күндө, апасынан , эки бир тууганынан, жалгыз уулунан ажырады. Бир үй-бүлөнү багуу үчүн Москвага иштеп кеткен Зарлык,жаңы жылга жакын гана келип, жакындарынан кабар алып кеткен. 

Маркумдардын сөөгү алардын кичи мекенине-туулуп өскөн айылына жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына, маркумдардын жакындары, айылдаштары , облус башчылары катышып, жакындарын жоготуп мөгдөп турган атуулдарыбыздын оор кайгысын тең бөлүштү.