Жаңылыктар
Учак кырсыгын иликтөө башталды
Кырсык
Учак кырсыгын иликтөө  башталды

Эл аралык авиация комитетинин эксперттери Бишкектин четинде орун алган авиакырсыктын себептерин иликтөөгө киришти. Комиссия курамына “Боинг 747" учагына ээлик кылган компания өкүлдөрү, Түркия, Орусия жана америкалык адистер, мындан сырткары Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин кызматкерлери киришти.

 

16 кишиден турган эксперттик топ Бишкекке 17-январда учуп келди. Адистер таң эрте учак кыйраган жерге келип, иликтөө иштерин башташты. Учурда учактын айрым сыныктары алына баштады, жеринде жүк көтөрүүчү крандар иштеп жана сүрөткө тартып, тасмага түшүрүү үчүн бийиктетүүчү унаалар иштеп жатат.

Окуя болгон жерде көбүнесе учак кыйрагандан кийин анын кандай абалда турганы, сыныктарынын чачыраган аралыктары жана кара кутуну издөө иштери жүргүзүлөт. Айтмакчы издөө иштери учурунда учактын биринчи кара кутусу 17-январда табылган. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн экинчи куту табылганын билдирди. Алар атайын акты түзүлүп, эл аралык комиссияга өткөрүлүп берилет.

Ал эми эл аралык авиация комитетинин адистери иликтөөлөр боюнча азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн карманып турушат. Бардык версиялар, далилдер боюнча иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин гана бир нерсе айтууга мүмкүн болот. Адистер процедуралык жагдайлар тууралуу да ооз ачпай турушат.

Боинг 747 коноор күнү Бишкектин үстүн коюу туман каптап турган. Бирок бул жагдай учактын конуусуна эч кандай таасирин тийгизбеш керек болчу. Анткени учак тилкесинин көрүнүүсү 400 метрге чейин болгон. Кыргызаэронавигация штаттык режимде иштеп, экипаж мүчөлөрү техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу эч нерсе айтышкан эмес.

Жүк ташуучу учак Дача конушунун тургуну Мастура Исаеванын үйүнөн беш метрге жетпеген жерден сүрүлүп өткөн. Катуу жаңырыктан улам эшикке чыккан бул үй бүлө коңшу үйлөрдөн эч нерсе калбай калганын көрүшкөн.

Бирок тирүү калган учкучту сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ал ооруканада каза болгон. Жүрөктүн үшүн алган бул кырсык жергиликтүү тургундарды дагы деле нес кылууда. Азырынча эл аралык эксперттердин иликтөө иштери бул жерде канчага уланары белгисиз. Эң башкысы кара кутулардын табылганында, анткени иликтөөнүн негизги жыйынтыктары кара кутудагы маалыматтардан алынары айтылууда.