Жаңылыктар
Кырдаал өлкө башчынын көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Кырдаал өлкө башчынын көзөмөлүндө

Бишкектин четинде орун алган каргашалуу окуядан бери үч күн өттү. Ушул учурга чейин жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына жардам көрсөтүү иштери токтогон жок. 

Бардык жарандар биригип, мекендештерине көмөк көрсөтүүгө куштар болуп турушат. Кырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кандай жардамдар берилүүдө? 

Учак кулаган каргашалуу окуядан эки күн өттү, бүтүндөй өлкө дагы деле кайгы-муңга батып турат. Бул жолу массалык маалымат каражаттары, жөнөкөй жарандар жана ошондой эле бийлик өкүлдөрү ири масштабдуу кырсыктын кесепетин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүштү. Окуя орун алгандан кийин өлкө башчы дароо каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

 
Аны менен катар өлкө башчы кырсыкта жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.
Борбор калаанын ооруканаларында жабыркагандар дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын бардыгына керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Өкмөткө болсо авиакырсыктын себептерин тыкыр иликтеп чыгып, анын кесепеттерин жоюу боюнча бардык чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен болгон жолугушууда президент каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүүдөн сырткары жүк ташуучу учак кулаган жерде куткаруучулардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

Ушул эле күнү 2017-жылдын 17-январын аза күтүү күнү деп жарыялоо боюнча өлкө башчынын жарлыгы чыкты.

Кийинки күнү президенттин тапшырмасы менен каза болгондорду жерге берүү зыйнатына президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, ага катар облус, райондук администрациялардын башчылары катышты.

Бүгүн каргашалуу окуядан үч күн өттү, жарандар жардам көрсөтүүнү улантып жатышат. Бардык өлкө аймагында жардам кабыл алуу бөлүмдөрү ачылган. Ал жерге жарандар кийим кече, азык-түлүктөрдү, балдар жакшы көргөн оюнчуктарын алып келишүүдө.
Учурда кырдаал толугу менен өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө. Тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат.