Жаңылыктар
6 жаштагы Амира авиакырсыктан жабыркагандарга чогулткан акчасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
6 жаштагы Амира авиакырсыктан жабыркагандарга чогулткан акчасын берди

6 жаштагы Амира авиакырсыктан жабыркагандарга чогулткан кутудагы акчасын берди. Алмира Бишкек шаарындагы “Назик” бала бакчасынын даярдоо группасында тарбияланып жатат. Кырсык тууралуу тарбиячысынан уккан. Бооркер кичинекей бөбөк чогулган 2 миң сомун кырсыктан жабыркагандарга жардам катары  берүүнү чечип алып барып берди.  

Кичинекей мекендешибиз Алмира Кожониязова көптөн бери, өзүнө пайдалуу буюм алууну самап кутучага акча чогултуп жүргөн. Бирок  кичинекей  бөбөк тарбиячысынын Дача Су айылында болгон авиа кырсык тууралуу угуп, анда кичинекей бей күнөө жабыркаган наристелерге боору ачып,  чогулткан  2000 сомун  жардам катары   тапшырууну эп көргөн.

Балдарга окуя тууралуу  тарбиячы Шайгул Жумабеква аңгеме кылып айтып берген. Жана ата-энелер мумкүнчүлүгунө жараша жардам берсе пайда болоорун  айткан болчу. Кичинекей зирек кыз дароо илип алып өзү жардам берүүнү чечкенин Алмиранын чон апасы Рукия Магметова айтат.

Коптогон  жоготууга учураткан  бул кырсык баардык жарандардын түйшолтүп кайгыга салды. Бул кырсык жада калса кичинекей бөбоктөрду дагы ойлондурду көрүнөт. Анткени  буга чейин  жаш бобөктөр  тарабынан  кайрымдуулук  кылгандар болгон эмес. Буга чейин деле ушундай багытта тарбия иштери жүрүп келген. Ал эми кичинекей 6 жаштагы Алмира чоң адамдар кыла турган  чечкиндуу иш жазады. Кылган чечими менен уй-булоосун гана эмес бизди дагы  суйундурду жана тан калтырды.  Келечек муундарга улгу болуучу кадам болду дейт  “Назик” бала бакчасынын директору Сырга Жусупбекова.

16-январда  Дача суу  аймагында болгон авиакырсыктан жабыркагандарга эки күн удаасы менен жардам көрсөтүү чаралары жер-жерлерде өткөрүлгөн. Айрымдары азык-түлүк алып келсе, кээ бири кийим кече жана  кээ бири акчалай жардам көрсөтүп жатышатАлардын катарына кичинекей Алмира дагы кошулуп кутучага чогулткан 2 миң сомун  кырсыктан жабыркаган балдарга жарадм ирээтинде берди.