Жаңылыктар
Каза болгондорду келекелеген Дөөталиева 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Каза болгондорду келекелеген Дөөталиева 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Каргашалуу окуяда каза болгондорду келекелеп социалдык тармакка билдирүү жазган Таттыгүл Дөөталиева аттуу кыз 8 жылгачейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин өзү иштеп келген Мамлекеттик медициналык академиядагы ишинен бошотулганы айтылган. Анын мындай оорунсуз жооругу үчүн Улуттук коопсуздук кызматы аны суракка алып расмий эскертүү берген эле. Ал эми  Дөөталиева мындай билдирүүнү өзү эмес, башка бирөө жазган деп актанып жатат. Кененирээк кабарчыбыздын репортажында.

Мына дал ушул Мамлекеттик медициналык академиянын кызматкеринин социалдык тармактагы билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Жалгыз эле Таттыгүл Дооталиева гана эмес, ал күнү бир нече адамдардын терс пикирлери чыгып жатты.

Учурда Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Таттыгүл Дөөталиевага расмий эскертүү берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аталган факты боюнча текшерүү иштери улантылат.

Эскерте кетсек, Таттыгүл Дөөталиева социалдык тармактын биринде Бишкектеги авиакырсыктан курман болгондорду келекелеген сөздөрдү жазган.