Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча Түркия полициясынын эки офицери жана сүрөт көргөзмөсүн уюштуруучулар камалды.
Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда. Буга чейин түрк бийлиги Карловдун өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен беш кишини камаган.
Алардын төртөө полиция мектебинин курсанттары болгон.
Эскерте кетсек, ошол мектептен Орусиянын элчисин өлтүргөн Мевлют Алтынташ дагы билим алган.
Ошондой эле көргөзмө өтөөрүнө бир нече күн калганда Алтынташ окуя болгон залга келип кеткени да аныкталды. Мындан улам, көргөзмөнүн уюштуруучусу дагы шектүү катары кармалды.