Жаңылыктар
АКШнын штаттарынан президенттикке талапкерлер ат салышууда
Дүйнө
АКШнын штаттарынан президенттикке талапкерлер ат салышууда

АКШда президенттикке талапкерлерди тандоо өнөктүгү уланууда. Президенттике ат салышып жаткан 2 партиянын талапкерлерине алдын ала добуш берүү кечээ күнү Американын Нью-Гемпшир штатында жыйынтыкталды. 

Демократчыл партиядан президенттикке талапкер Берни Сандерс жеңишке жетти. Ал бул таймашта Хиллари Клинтон менен атаандаш болгон. Ал эми Республикачыл партиядан миллиардер Дональд Трамп атаандаштарынан алдыга озуп чыкты. 

Президенттикке талапкерлерди тандап алууда “праймериз-алгачкы шайлоо” уюштурулган. Праймериз деген -ар түрдүү деңгээлдеги шайлоолордун кезеги, алар АКШнын ар бир штатында өткөрүлөт. Бул шайлоолордун негизинде штат чегинде партиянын атынан ким президенттикке талапкер болоору аныкталат. 

Андан соң, тандалган талапкерлер делегаттардын тобун аныктап чыгышат. Бул топ партиянын бүткүл улуттук жыйынында штаттын өкүлдөрү болуп келет. Июль айындагы бүткүл улуттук партиялык жыйында президенттикке талапкерлер расмий түрдө тандалып алынат. АКШнын президентин шайлоо ушул жылдын 8-ноябрына белгиленген.