Жаңылыктар
Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутууга өтүү талаптары күчөтүлөт
Билим
Жогорку окуу жайларында  мамлекеттик тилде окутууга өтүү талаптары күчөтүлөт

2017-жылдан тартып  Кыргызстандагы  Жогорку окуу жайларында  мамлекеттик тилде окутууга өтүү   талаптары күчөтүлөт. Бул жөнүндө,   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил   боюнча  улуттук комиссиянын  төрагасы менен проректорлордун  жолугушуусунда  сөз болду. 2017-жыл ичинде  окутуу жана типтүү программалар жана окуу пландарын  кыргыз тилинде жазуу  талап   кылынат.  

 Биринчи  эле, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси,  жогорку окуу жайлардын  окумуштуулар кеңешинде каралганбы? –деген суроо коюлду. Анткени мамлекеттик тил боюнча  улуттук программада белгиленген иш багыттар көпчүлүк  окуу жайларда  аткарылбай келет. Мисалы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №216 Токтомуна ылайык. Штаттык бирдиги  1000ден ашкан Жогорку жана атайын орто окуу жайларында  4 проректордун бири, мамлекеттик тил боюнча иш алып барып, 2017-жыл ичинде окутуу жана типтүү программалар жана окуу пландарын  кыргыз тилинде жазууну ишке  ашырып, бир жылга конкреттүү иш-пландарды түзүп  жүзөгө ашыруу керек-деп сөз баштады Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил  боюнча  улуттук комиссиянын  төрагасы   Назаркул Ишекеев.                          

Мамлекеттик тилде окутуу программасы жана жаңы жазылган китептер, эл аралык стандартка шайкеш “Кыргызтест” түзүмүнүн талаптарына жооп бериши керек. Ошондуктан  кандайча иш алып баруу керектиги тууралуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу  улуттук  тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” түзүмүнүн  жетекчиси Батма Топоева  түшүнүк берди. Анын айтымында жогорку окуу жайдын 1-курсунун  студенттери   мамлекеттик   тилде: окуп, угуп  түшүнүү  жана  оюн кагазга  түшүрүп жаза  билүү боюнча тапшырмаларды  аткаруу боюнча  тест  сынагынан өткөндөн кийин, тил билүү деңгээлине жараша сабак  алуусу керек.

 Назаркул Ишекеевдин Мамлекетти тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызыматына киришип жатып, чогуу иш алып барууга чакырык иретинде  жолугушуусуна келген  жогорку окуу жайлардын проеректорлору  жакынкы мезгилде мамлекеттик тилде окутууга өтүү  боюнча бир катар иштиктүү  сунуш-пикирлерин  билдиришти.

  Биринчи радио, Зинакан Кайыпова