Жаңылыктар
Сузак районунун Кыз-Көл айылында жаңы эмкана ачылды
Ден соолук
Сузак районунун Кыз-Көл айылында жаңы эмкана ачылды

Кыз-Көл айылында жаңы эмкана ачылды. Буга чейин айылды атайын эмкана жоктугунан, элдер айылдык дарыгердин үйүнө барып дарыланып жүрүшкөн. 

Айыл элинин саламаттыгына 25 жылдан бери үй шартында көз салган Анара Эргешова да ФАПтын ачылышы чоң саамалык дейт. 

Айылдагы бул ден соолук ордосун түптөө үчүн айыл эли 400 миң сом чогулткан. 

Каражаттын калган 500 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Учурда Кыз-Көл айылында 200гө чукул кожолук бар.