Дача конушунда кырсыкка кабылган «Боинг-747» учагынын ичинде Кыргызстанга тиешелүү жүк болгон эмес.
Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди.
Гонконг-Бишкек-Стамбул рейси аркылуу учкан жүк ташуучу учакты жүк борбору тейлечү эмес.
Кырсыкка учураган учак күйүүчү майын толуктап жана экипаж мүчөлөрү тыныгып, орун алмашып алышы үчүн конгон деп билдирет, Манас аэропортунун маалымат кызматы.