Жаңылыктар
Кыргызстан: күйүүчү май арзандыгы боюнча КМШда алдыңкы орунда
Экономика
Кыргызстан: күйүүчү май арзандыгы боюнча КМШда алдыңкы орунда

Күйүүчү май жакынкы аралыкта азыркыдай арзан баада кармалып турат. Кымбаттап кетүүсүнө эч кандай негиз жок. Бул тууралуу Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. 

Глобал петрол прайсиз сайтындагы рейтингге таянсак Кыргызстан күйүүчү майдын наркы арзандыгы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 18 орунду ээлеп, алдыңкы 20 өлкөнүн курамына кирди. 

Бул жыйырмалыкта мунайды экспорттоочу болгон Кувейт, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Катар, Бириккен Араб эмираттары, Иран, Россия, Казакстан жана башкалар бар. Кыргызстан мунайды импорттоочу өлкө катары бул рейтингде күйүүчү майдын арзандыгы жагынан биринчи орунду багындырды.

Күйүүчү майдын наркы боюнча коңшу өлкөлөрдөгү жагдай кандай? Кененирээк Тариэл Чуңгуловдун кезектеги сюжетинде: