Жаңылыктар
Кырсыкка учураган учактын кара кутусунан маалыматтар алына элек
Кырсык
Кырсыкка учураган учактын кара кутусунан маалыматтар алына элек

Кырсыкка учураган “Боинг 747” жүк ташуучу учагынын кара кутусунан азырынча маалыматтар алына элек. Бул тууралуу өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Кара куту иликтөө үчүн Москвага бүгүн эле жөнөтүлдү. Мындан сырткары жүк ташуучу учак “Манас” аэропортуна кандай максатта конууга ниеттенгени жана андагы 85 тонна жүк кайсы тарапка таандык болгону тууралуу өкмөт өкүлдөрү кеңири маалымат беришти.

Бишкектин четинде учак кырсыгы орун алгандан бери 4 күн өттү. Каза болгондорду издөө иштери бүгүн расмий түрдө соңуна чыкты. Учурда окуя болгон жерде Эл аралык авиация комитетинин адистери иликтөөсүн улантып жатышат.
Эл аралык комиссия иликтөө жумуштарын аяктаган соң, окуя болгон жерди тазалоо иштери башталат. Ал эми кырсыктын себептерин аныктоо бери дегенде жарым жылга созулушу мүмкүн.