Жаңылыктар
Алматылык ыктыярчылардан жабыркагандарга жардам келди
Кырсык
Алматылык ыктыярчылардан жабыркагандарга жардам келди

Үч күн мурда болгон Дача конушундагы кырсыктан жабыркагандарга жардам колун сунгандар токтой элек. Коңшу Казакстандын Алматы шаарынын ыктыярчылары өз алдынча чогулткан жардамын жабыркагандарга тапшырышты. Түштөнүү убагында Ак-Жол өткөрмө бекетине ыктыярчылардын гуманитардык жүгү келди. 

Ичине азык-түлүк, кийим-кече, балдарга таттуулар жана жылуу төшөктөр жүктөлгөн уч унаа чек арачылардын текшерүүсүнөн өттү. "Мен алматылык" коомдук бирлигинин өкүлдөрү боордош элдин башына түшкөн кайгыга жөн карап турбай, аз да болсо жардам көрсөткүсү келгенин айтышат. 

Алар социалдык тармак аркылуу чогулган аманатты жабыркагандарга тапшырып, өзгөчө ата-энесиз калган балдардын абалынан кабар алууну максат кылышкан.