Жаңылыктар
Дача конушунун тургундары башка жака көчүүнү каалашууда
Кырсык
Дача конушунун тургундары башка жака көчүүнү каалашууда

Авиакырсык болгон Дача конушунун көпчүлүк тургундары ал жерден көчүп кеткиси келүүдө. Бирок өкмөт тараптан жардам болооруна үмүт артып турушат. 

Өзгөчө учак кулаган жерге жакын жашагандар, жер менен жексен болуп калган үйлөрдү караган сайын жаман абалда болуп жатышканын айтышуу.

Айыл тургундары бул жердеги куткаруучулар менен жоокерлерди караан тутуп, алар кеткенден кийин эмне болобуз деп сарсанаа. 

Ансыз да катуу чочуп калгандар, жер менен жексен болуп, аңырайып калган үйлөрдүн ордун көрөйүн деген көздөрү жок.