Жаңылыктар
Учак кырсыгы: жапа чеккендерге кенемте төлөнөт
Кырсык
Учак кырсыгы: жапа чеккендерге кенемте төлөнөт

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге кенемте ар бирине жекече төлөнөт. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өкмөт компенсацияны толугу менен төлөп берерин убадалады. Ошол эле учурда өкмөт мүчөлөрү Боинг-747 учагынын кыйрашынан келтирилген зыяндын көлөмү боюнча жакында өкмөттүк комиссия алгачкы жыйынтыктарды чыгара турганын ырастады.

Өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү издөө иштери аяктаганын билдирди. Кыйраган учак Дача конушунун 5 гектар аянтын кыйратты. 1985-жылы түптөлгөн айылда 43гө жакын турак-жай болсо, учак анын он тогузун жер менен жексен кылып, жети там жарым жартылай талкаланган.
Айылда баш-аягы 126 жергиликтүү тургун жашаган деп болжолдонуп жатат. Бирок бул сандар өзгөрүшү мүмкүн. Анткени тургундардын саны такталууда. Абулгазиевдин айтуусунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге кенемте ар бирине жекече төлөнөт. Биринчи вице-премьер-министр кыйраган учактын борту менен экипажы камсыздандырылганын жана жапа чеккендерге кенемте төлөө боюнча учурда камсыздандыруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да кошумчалады.
Айылга электр жарыгы кырсык болгондон кийинки күнү эле жаңыланып берилген. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев кубаттуулугу күчтүү жаңы трансформатор коюлганын билдирди.