Жаңылыктар
Кыргызстандык онколог дарыгерлер билимин жогорулатууда
Ден соолук
Кыргызстандык онколог дарыгерлер билимин жогорулатууда

Европанын алдыңкы онколог дарыгерлери көкүрөктөгү сүт безинин шишик оорусун дарылоонун дүйнөлүк медицинадагы жаңы түрлөрү тууралуу кыргызстандык кесиптештерине тажрыйба бөлүшүүдө. Аны менен бирге чет өлкөлүк адистер сүт безинин шишик оорусуна чалдыккандарды акысыз дарылоо үчүн атайын жабдыктарды жана рецепторлорду алып келген. Адистердин айтымында, жаман илдетке чалдыккан аялдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

35 жыл мурда негизделген европалык онкология мектебинин максаты - ак халатчандарды тажрыйба жүзүндө жаңы иштелмелер менен тааныштыруу.