Жаңылыктар
А.Атамбаев: Ынтымакка бириккен мекендештерге алкыш
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев: Ынтымакка бириккен мекендештерге алкыш

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кабыл алып, Дача конушундагы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү, авиакырсыктын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин иликтөө маселелерин талкуулады. 

Кырсык 38 адамдын өмүрүн алды, анын 17си балдар. Учактын кыйроосунан 26 турак жай жабыркап, анын 19у толук кыйраган, 7си жарым-жартылай бүлүндү. Учурда Мамлекеттик органдардын ишин ыкчам штаб жөнгө салып жатат.

 

Бардык жабыркаган адамдар дары-дармектер менен камсыз болуп, аларды дарылоо улантылууда. Учак кыйраган жерде көчмө клиника ачылган. Курман болгондорду акыркы сапарга узатууну уюштурууга көмөк көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өлкө Президентинин жана Өкмөттүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдарды тапшырышты. 

Өлкө башчы журт башына келген кайгы учурунда тилектештик көрсөткөн бардык кайдыгер эмес жарандарга, активисттерге, ошондой эле кыйроонун кесепеттерин жоюуга көмөктөшкөн мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, ыктыярдууларга өлкө элинин атынан ыраазычылык билдирип, алкыш айтты. 

Алмазбек Атамбаев Өкмөткө курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө эл аралык ченемдерге ылайык компенсация төлөө проблемаларын чечүү жана алардын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн юридикалык колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.