Жаңылыктар
Унаа салыгын жогорулатуу жагы каралууда
Экономика
Унаа салыгын жогорулатуу жагы каралууда

Жогорку Кеӊештин Экономика жана фискалдык саясат комитети жергиликтүү бюджетти колдоо багытындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. 

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 15 жылга чейинки жана кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3,5 - 4 миӊ куб сантиметрден жогорку автоунааларга салынуучу салыктын көлөмү бир жарым эседен төрт эсеге чейин жогорулатуу жагы каралууда. Ал арада авто унааларды каттоо боюнча эл өкүлдөрү тарабынан сын-пикирлер айтылып, 330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөй жүргөндүгү айтылды. Бирок бул маалыматты өкмөт аппараты төгүнгө чыгарууда. 

Белгилүү болгондой учурда Экономика министрлиги Салык кодекстине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, авто унааларга салыктын көлөмүн көбөйтүү жагы каралууда. Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын жетекчиси Кубан Айдаралиевдин билдирүүсү боюнча салыктын бул түрү  Мамлекеттик салык кызматында катталган Кыргызстандагы 965 миӊ  авто унаанын 14-15 миңине  гана колдонулат. Ага ылайык, карапайым калктын чөнтөгүнө оорчулук жаралат деп кооптонууга негиз жок:

Кубан Айдаралиев былтыр  транспортко салык төлөөнүн администрациясын жакшыртуу максатында өкмөт тарабынан салык төлөө фактысын тастыктаган автоунаанын айнегине атайы чаптагычтарды пайдалануунун жаңы механизми иштелип чыгып, ишке киргизилгенин кошумчалады. Ал эми Жогорку Кенеште авто транспортко салыкты жогорулатуу бюджетти колдоо максатында болуп жатканы белгиленгени менен айрым эл өкүлдөрү тарабынан каттоосуз жүргөн унаалар көп экендиги жөнүндө сын-пикирлер айтылды.  Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев мындай айырмачылыктын чыгуусуна мындача түшүндүрмө берди:

Ошентип,  Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.Ага ылайык, Экономика министрлиги   сунуштап жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 15 жылга чейинки жана кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3,5 - 4 миӊ куб сантиметрден жогорку авто унааларга салынуучу салыктын көлөмү бир жарым эседен төрт эсеге чейин жогорулатылат. Ал арада Өкмөттүн аппараты  330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалымат депутаттар тарабынан айтылган маалыматтар чындыкка дал келбери тууралуу билдирүү таратты.