Жаңылыктар
Фабула: Жедигер мырза кызына жетиштүү тарбия берген эмеспи?
Кыргызстан жаңылыктары
Фабула:  Жедигер мырза кызына жетиштүү тарбия берген эмеспи?

Басма сөзгө баяндама

Кимдин кулагы чыгат деп бүгүн Фабула жаңы санын "Кыргызды сынаган кырсык,же жашыруун жүктүн сыры"  деген темада чыгарды.  Бул тема гезиттин төртүнчү бетинде уланат.  Ошол эле алдыңкы бетине "Жедигер мырза кызына жетиштүү тарбия берген эмеспи?" деген суроону да койду. 

 Баш макала 2-3 жылдан бери коррупцияга каршы иш жүргүзгөн тиешелүү органдардын укуругу Бажы тармагына жетпей койду. Мындан улам коррупцияга белчесинен батканы коомчулукта көп талкууланган бул тармактын кызматкерлери тазабы деген күмөндүү суроо жаралып жатканын, эгер таза иштешсе, Бажы кызматынын жетекчилери үй бүлөлөрү менен жаңы жылды чет өлкөдө кайсы акчаларына тосуп жүрүшөт деген шектенүү күч деп белгилегенин "Укурукка илинбеген Матраимов" деген аталышта орун алды. 

Бул макаладан тармакка шектенген Фабуланын күмөн санаган жагдайлары менен тааныша аласыз. Майда темалар: Казакстан кыргыз жериндеги кийиктерди кырууда, дымагы бар дымы жоктор, сөөк казгандар соттолду, “Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат” же Жыргалаң шахтасын  менчиктештирип алып, 13 миллион 600 миң сомго карыз болгон Садыр Жапаров, Арапбаевдин максаты эмне? Курмановдон кутулдук деген аталышта жарык көрдү.

Андан ары Кайгыдан саясий упай топтогусу келгендердин максаты эмне? деген макалада  кыргыз коомунун саясатташып кеткенин жадагалса кырсытктын айынан оо дүйнөгө  сапар тартып кеткен мекендештерибиздин жакындары, тууган уруктары кан жутуп, зар какшап турган чакта  айрым саясатчы сөрөйлөр упай алуу максатында “Бөйрөктөн шыйрак чыгарып”президент авиакырсыктан жабыркагандарга олутуу көңүл бурбай жатат деп  чыккандарына   ал сын канчалык жүйөлүү деген суроого жооп айтылган. 

Анда белгиленгендей кырсык катталгандан кийин эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ал тууралуу маалымат алып, ошол замат каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнүн жана кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуну өкмөткө тапшырганы ошол эле убакта кырсыктан жабыр тарткандарды дарылоого жана саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарып, каргашанын себептерин иликтөө тапшырмасы да өкмөткө берилген, президент бул кырсыкка көңүл бөлбөй башка иштери менен алек болуп отуруп алган эместигин күн санаган сааттар айтып турганы жазылат. 

Бүгүн Кыргыз туусу “Кырсыктын кесепеттерин жоюуда жарандык тилектештигин көрсөткөн кыргызстандыктарга терең ыраазымын” деген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин  сөзүн тема кылды. Бул тема өлкө башчысы менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача Су тилкесинде учактын кыйроосунан жабыркагандарга  жардам берүү, авиакырсыктын кесепттерин жоюу жана анын себептерин иликтөө боюнча иштин жүрүшү талкуулагандарын жазды. 

Эми Де-Фактону карайлы. Жүн тиштеген чымчыктай болгон Болсунбек бовой калды, Аңги дүңгү Жолдошбаевдин дөөрүмөйү качан токтойт деген макаларды жазганын алгачкы бетине жар салды.  Төбөтоскучтун алдында Төрөбаев деген теманы да сүрөтү менен ушул биринчи бетине жайгаштырды.   Саясаттан жазылган майда макалалар Кыянбектин”кыйшык жолдору” жүдөттү, Албек мырзага алкыш айтылып, иш билги жетекчи Бабакулович, сентябрда “секирген Текебаев”, Разаков качан “ыраазы” кылат, “ыйлаар бала” кейиптенген Төрөбаев ыңгыранып, прокурор Салиев менен Урманаевдин “ызы-чуусу” калкып чыгабы? 

Тайванда тайраңдагандарга талап жокпу?  деген аталышта орун алды. Марат Иманкулов көмүскө өкмөт түзүү менен кандай кызыкчылыгын жүзөгө ашырганы турат деген суроого да бүгүнкү Де-Фактодон жооп аласыз.  

Де-факто жазган кызмат кызыкчылыгы душмандарды кучакташтырып же Текебаев -Жээнбеков туурасында, Аксакалдан нарк кетти же Кулов туурасында , министрликти “ранг”элестетип алган окшойт да же НурбекМурашев туурасында да чакан маалыматар бар. 

Биринчи радио, Таалайгүл Сыдыкбекова