Жаңылыктар
Кочкор районунда окуучулардын мушташынан бир өспүрүм каза тапты
Кырсык
Кочкор районунда окуучулардын мушташынан бир өспүрүм каза тапты

Кочкор районундагы Капар Кадыралиев атындагы мектептин окуучулары мушташып кетип бир өспүрүм каза тапты. 

Дагы бир окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

Урушуп кеткен өспүрүмдөр бычак колдонгону айтылууда. 

Окуя болгон жерге Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов барды. 

Учурда күч органдары окуянын чоо-жайын териштирип жатат.