Жаңылыктар
Депутаттын билдирүүсү бекемделген жок
Саясат
Депутаттын билдирүүсү бекемделген жок

Эксперттердин пикиринде, учак кырсыгынын курмандыктарын жерге берип бүтө электе трагедиянын айланасында саясий оюндар башталды. Бир катар оппозициялык саясатчылар бул учак борбордогу аба майданга май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк түшүрүү үчүн токтошу керек болгон деп билдирүү таратышты. 

Мындай жоромолдорду “My Cargo Airlines” компаниясынын башкы директорунун орун басары жокко чыгарды. Айта кетсек жүк ташыган авиакомпания - өрттөнгөн “Боингдин” ээси. 

Каргашалуу авиакырсык болоор менен өзгөчө алгачкы сааттарда баарын кимдин учагы кыйрады, ичинде эмне бар эле, кайда учуп бараткан деген суроолор кызыктырды. Кийинчерээк бул бортунда калк керектөөчү 85 тонна жүгү бар учак экени белгилүү болду. Ал “Манастан” май куюп, андан ары Стамбулга багытын уламак. 

Бирок кечээ парламент жыйынында "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев учак май куюууга муктаж болгон эмес болчу деп билдирди. Эл окулунун созуно караганда, жүк Кыргызстанга арналыптыр. Текебаев, бийлик бул фактыны жашырып жатат деп нааразы болгон.
Бирок, Түркиялык жүк ташыган авиакомпаниянын кожоюндары мындай жоромолдордун баары жалган экенин айтып, “Боинг - 747” учагы Бишкекке жүк жеткирүү үчүн эмес, май куйдуруп, экипажды тыныктыры, алмаштыруу максатында конгонун билдирди. “My Сargо» түрк авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Хамза Тыглайдын айтымында ал жүк Стамбул шаарына ташылып бараткан.

Депутат “Боинг 747” учагы тыным албай эле 13 миң чакырымды учуп өтмөк деп белгилөөдө. Туура, бирок ал жүргүнчү ташыган учурда гана. Жүк ташыган “Боинг” учагы 8 миң чакырымдан бир аз ашыгыраак аралыкка гана эсептелген. Белгилүү болгондой кырсыкта дал ушул “Боингдин” жүк ташыган учагы кыйрады. Белгилеп кетчү жагдай, авиакомпанияга күйүүчү майды көп алгандан көрө көбүрөөк жүк жүктөгөн пайдалуу. Анткени майды жолдон токтоп деле куюп алса болот.