Жаңылыктар
Кайгы басылат, жашоо уланат...
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгы басылат, жашоо уланат...

Учак кырсыгынан бери 4 күн өттү. Жабыркаган айылдыктарды колдоо ар тараптуу уланууда. Кырсыкка күбө болгондор менен жеринен психологдор иштеп, жаракат алган турак-жайларды социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери аныктап жатат. 

Дача конушунда 450дон ашык турак-жай, 1500 дан көп эл жашайт. Бүгүнкү күндө айылда кыймыл жанданып, балдар мектепке барып, көчөгө чыгып ойноп, ата-энелери өз жумуштары менен алектенип башташты.

Айылды аралап, ар бир үй-бүлөгө кирип жүрөгү түшүп калгандарды стресстик абалдан чыгарууда психологдор иштеп жатат. Балдар үчүн өзүнчө, чоң кишилер үчүн өзүнчө адистер үймө-үй кирип, иштеп жатышканын айтышты.

Ошондой эле эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери жабыркаган турак жайларды аныктап жатышат.