Саамалыкка ар бир райондун көкбөрү командалары катышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул турнирде ойногон командалардын арасынан эң мыкты оюнчулар жана аргымактар тандалып, борбордо «Нооруз» майрамында өтүүчү республикалык мелдешке жолдомо алат.
Күндүн суугуна карабай мелдештин кызыгына баткан көкбөрүчүлөр күйөрмандарына жандуу оюн тартуулашты. Оюнду Кара-Буура районунун көкбөрү федерациясы уюштурду.
Байге фонду 120 миң сомду түздү. Мелдештин жыйынтыгында, Талас районунун командасы биринчи орунду ээлесе, экинчи орунду Кара-Буура району алды. Ал эми 3-орунду Бакай-Ата районунун көкбөрү командасы багынтты.