Жаңылыктар
Менчик мектептерди салыктан бошотуу билимдин сапатын көтөрөбү?
Билим
Менчик мектептерди салыктан бошотуу билимдин сапатын көтөрөбү?

Кыргызстанда жеке менчик мектептерди салыктан бошотуу боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоору тармактык комиттеттен колдоо тапты. 

Демилгечи топтун айтуусунда менчиктин бул түрүн салыктан бошотуу республикалык бюджетке  олуттуу кыскартууларды алып келбейт. 

Жеке менчик мектептерге салыктык жактан жеңилдиктерди берүү, алардын инвестиция тартуусуна мүмкүндүк берип, мектеп имаратына болгон тартыштык маселесин чечмек. 

Бул учурда мамлекеттик мектепте эмгектенген мыкты мугалимдерден кол жууп, андагы билим берүүнүн сапаты солгундап кетет деп чочулагандар да бар. 


Назира Молдокулова, "Биринчи радио"