Жаңылыктар
Учак кырсыгын саясатташтыргандардын максаты эмнеде?
Саясат
Учак кырсыгын саясатташтыргандардын максаты эмнеде?

“Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушунда кырсыкка учураган учак талкууга түштү. Айрым саясатчылар кайгыдан саясат да жазап жиберди. “Боинг 747” самолетунун “Манас” аэропортуна конууга муктаждыгы май куйуу эмес, Кыргызстанга келе жаткан жүктү түшүрүү болчу, бул боюнча түрк компаниясынан расмий кат келди деп “Ата Мекен” фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин отурумудан айтып чыкты. Бул айтылгандарды тактоо үчүн алар депутаттык комиссия да түзүп жиберишти.

Ошол эле учурда эл өкүлдөрү кырсык менен жүктүн кандай катыштыгы бар эле деген суроону коюшууда. Ал арада “Май Карго” түрк авиакомпаниясынын жетекчилиги “Боинг-747” учагы “Манас” эл аралык аба майданына май куйуу жана экипаж мүчөлөрүн алмаштыруу максатында конгонун билдирди. Адистердин пикиринде “Эл аралык авиация комитетинин” корутундусу чыкпай туруп, кырсыктын себептери тууралуу пикир оорунсуз. 

Кошумчалай кетсек, Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында 2016-жылы сентябрдан бери элүүдөн ашуун учак каттамы аткарылган. Бул рейсте Боинг самолёттер бир аптада 2-3 жолудан учкан. Ал эми кырсыктан кийин кайрадан эле ушул каттамдагы жүк ташыган учак 20-январда “Манас” эл аралык аэропортуна конгону кабарланууда.

Сүймөонкул Идирисов, "Биринчи радио"