Жаңылыктар
Окуучулардын кандуу окуяга катышуусу эмнеден кабар берет?
Кылмыш
Окуучулардын кандуу окуяга катышуусу эмнеден кабар берет?

Нарын облусунун Кочкор районунда балдардын мушташынан бир бала көз жумуп, экинчиси ооруканада жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Учурда кылмышка шектүү бала кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Эске салсак, 19-январь күнү кечке маал  Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары мушташа кетип, 17 жаштагы бала каза тапты. Дагы бирөө аймактык ооруканада. Кочкор районундагы аймактык оорукананын башкы даарыгери Турат Жумабековдун билдирүүсүбоюнча  ооруканага бычак жеп жаткырылган окуучу баланын абалы оор, бирок ал даарыгерлердин  көзөмөлү менен жандандыруу бөлүмүндө даарыланууда. Окуучунин ички органдары катуу жабыркаган. 

Ал эми эки мектеп ортосунда окуучулар арасында массалык мушташ болуптур –деген сөздөр чындыкка дал келберин Нарын облусунун Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов маалымдады. Айтымында каза болгон бала мектепте алдыңкы окуучулардын бири болуп, эл аралык сынактарга катышып жүргөн.

Мектеп окуучуларынын арасында мындай кандуу окуялар биринчи жолку эле көрүнүш эмес. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"