Жаңылыктар
Учак кырсыгынан жаракат алган Сагынбек Рахманов каза болду
Кырсык
Учак кырсыгынан жаракат алган Сагынбек Рахманов каза болду

16-январдагы учак кырсыгынан жаракат алган Сагынбек Рахманов каза болду. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 29 жаштагы Сагынбек Рахманов кырсык болгон күнү Бишкектеги №4 ооруканага оор абалда, күйүктүн 3-4-даражасы менен жеткирилген. Анын денеси, буттары, жамбашы 45% күйүп калган.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Сагынбек Рахмановдун абалы ошондон бери оор болчу. Дарыгерлердин аракетине карабай, Сагынбек Рахманов 22-январда саат 12:30да көз жумду.

Учак кырсыгында Сагынбек Рахмановдун сегиз айлык боюнда бар жубайы, 6  жана 3 жаштагы эки наристеси каза тапкан болчу. 

Өткөн жумада бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөктөрү Ноокенде, туулган жеринде жерге берилген.