Жаңылыктар
Индияда поезд рельстен чыгып, ондогон адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Индияда поезд рельстен чыгып, ондогон адамдын өмүрүн алды

Индиянын Орисса жана Андхра-Падеш штаттарынын чек арасында жүргүнчүлөрдү ташып бараткан поезд рельстен чыгып кетип, курман болгондордун саны 36га жетти. 

Поезддин 22 вагону болгон.

Ал Жагдалпур шаарынан Орисса штатынын борбору Бхубанешавр шаарын көздөй бара жаткан. 

Жабыр тарткан 50 адам ооруканага жеткирилди. 

Учурда линиядагы поезддин каттамдары токтоп турат.

Кырсык эмнеден болгон себептери азырынча белгисиз.