Жаңылыктар
С.Жумабековдун эмгегин Гиннес китебине киргизүү сунушталды
Ден соолук
С.Жумабековдун эмгегин Гиннес китебине киргизүү  сунушталды

Ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында медицина илимине жаңылык киргизген беш эмгеги менен экинчи орунду багындырды.

Эл аралык көргөзмө сынагы быйыл тогузунчу ирет уюштурулуп, төрт күнгө созулган. 

Конкурска дүйнө боюнча 2000ден ашуун эмгек жөнөтүлүп, анын ичинен 180 катышуучу жолдомо алган. 

Жалпысынан 36 мамлекет катышкан сынака КМШ өлкөлөрүнөн Жумабеков гана барган. 

Анда омуртка түзөтүү, балдардын сан жамбаш муундарын салуу, төш сөөгүн түздөө жана сөөктү узартуу боюнча ыкмалар көрсөтүлдү. 

Калыстар тобу адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүрүү боюнча эмгекти дүйнөлүк Гиннес китебине киргизүүнү сунушташты.