Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 22-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда чыр чыгып, эки жаат бири бирин таш менен урушкан. 

Анын кесепетинен бир турак үй жана 4 автоунаа зыянга учураган. 

Учурда чек арачылар, күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштеп, окуя териштирилүүдө.