Жаңылыктар
Нарын шаарында заманбап хоккей аянты ачылды
Спорт
Нарын шаарында заманбап хоккей аянты ачылды

Нарын шаарында заманбап хоккей аянты ачылды. Ташболот Токтосунов атындагы спорт аянтынын ачылышына Бишкек жана Алматы калааларынан хоккейчилер келген. 

Алар Нарын шаарынын хоккей командасы менен жолдоштук беттештерди өткөрүп, Казакстандан келген оюнчулар жеңишке жетти. 

Эл аралык талапка жооп берген хоккей аянтын курууга Нарын шаардык мэриясы 62 сотых жер аянтын бөлүп берген. 

Курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган. Имарат жеңил конструкция менен салынган жана музду жылмакайлап туруучу атайын техника кошо сатып алынды. 

Жабдыктар Финляндия жана Казакстан шаарларынан алып келинген. Жаңы ачылган муз аянтта кышкы спорттун түрүн сүйүүчүлөр үчүн атайын курстарды ачуу каралууда. Ошондой эле хоккей командасы уюштурулуп, Орусиядан машыктыруучулар келип, үйрөтмөкчү.